Президенттин иш башкармалыгын жетектеп келе жаткан Турусбек Коёналиев Германияга Кыргызстандын элчиси болуп кетет экен деген кеп укканбыз. Эл аралык дипломатия менен иши жок, өзү спортчу, чарбаркер адам андай кызматка кетээрин күткөн эмеспиз. Бирок, акыркы күндөрдөгү окуялар анын чындап мамрезиденциядан “пошел” болоорун көрсөтүп койду окшойт. Анткени адатта ал чарба иштери менен алек болуп, сыйлуу коноктордун алдында тааныштырылчу деле эмес. Кечээ Германия канцлери Ангела Меркель айым келгенде Тукебизди президент министрлердин катарына кошуп, жакышлап тааныштырды. Демек анын жолу ачылып, келечектеги элчи катары тааныштырылды десек болот.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ