Жогорку Кеӊеште депутаттар төрагалыкка талапкерлер Чыныбай Турсунбеков менен Исхак Масалиевге добуштарын бере баштады. Эгерде шайлоонун биринчи турунда талапкерлердин бири дагы жетиштүү добуш топтой албаса, анда көбүрөөк добуш алган талапкер шайлоонун экинчи туруна өтөт.
Эске салсак, 13-апрелинде Жогорку Кеӊештин мурдагы төрагасы өз ыктыяры менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Ошондон улам, 20-апрелдеги шайлоо жыйынтыгында «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев 51 добушка, «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев 51 добушка ээ болуп, экөө теӊ чыгып калгандыктан, жаӊы талапкерлер менен жаӊы шайлоо өткөрүү чечими кабыл алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ