Күнүмдүк көр-тириликтин айынан депутат Өмүрбек Бабанов менен жансакчысынын ортосунда пикир келишпестик орун алып, натыйжада, 11 жыл өзүн күзөткө алган чоросун айдап жолго салганын эшиттик. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Бабановдун дал ушул чоросу Өмүке үчүн оттон-суудан кайра-тартпай, кадимки Өмүрбек Текебаевге учак ичинен айбат көрсөтсө, шефинин ашынган душманы В.Хонду “этин ысытып”, какыс-кукус кылып койгондугу чынбы? Баштапкы жумушун ИИМ тутумундагы атайын милдет аткаруучу бөлүмүндө (спецназда) баштаган ал чоросун Бабанов көрпендечиликке алдырып, өзүнүн жанынан алыстатканына жанындагы жансакчылары нааразы боло “11 жыл шеф үчүн баарына чыдап, тынбай күзөткөн адамдын жакшылыгын билбесе, кыргыз элине жакшылык кылмак беле?” дешип, шыпшынып жатышкандары кабарланды. Негизги биздин айрым саясатчылар жансакчылары менен жанындагы жардамчыларынын жакшылыгын биле беришпейт. Андыктан, байдын жансакчысы болгончо, кедейдин конгону болгон артык го…
Булак: “Азия news”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ