Буга дейре Токой чарбасын талкалап жибергени айтылып, жазылып, бирок эч бир чара көрүлбөй келген Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Сабыр Атажанов кызматтан айдалды. Чынын айтканда бул аздык кылат. Жөн эле кызматтан бошотуп койбой, кетирген кемчиликтери боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, мамлекетке зыян алып келгени аныкталса, кылмыш ишин козгош керек. Антпесе чиновниктер жеп-ичип, туйтунуп алышып, жооп бербей кете беришкенди өнөргө айлантып алышты. Демек, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кызматтан алып гана тим болбостон, тиешелүү органдарга тапшырма берип, былыктарын ашкерелеп, тиешелүү жазасын бериш керек. Ошондо адилеттик болот.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ