Чыныбай Турсунбековдун спикер болуп шайланышы менен мамлекеттин бардык жоопкерчилиги КСДП партиясына жүктөлдү. Мындан улам, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев: “Жеңип чыккан партия жоопкерчиликти мойнуна алсын, биз андан сурап алгыдай бололу’, – деген оюн айтып чыкты. Мындай пикирди айткан Өмүрбек мырза КСДПга жан тартып жаткандай болгон менен, түпкүлүгүндө башынан өнөктөш болуп келе жаткан КСДПга жоопкерчиликти артып, өзүн четке кармап турууга кызыкдар болду. Анткени, келээрки жылдагы президенттик шайлоого аттануу үчүн өзүн мамлекеттик жоопкерчиликтен оолак кармап, жаманатты болбоо тактикасына өттү. Эми эртең шайлоого аттанып калса, “биз бардык бийлик бутактарын КСДПга берип, жоопкерчиликти дагы артканбыз, алардын колунан эч нерсе келген жок” деп сындап чыгаарында шек жок.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ