Menu

Жаңы өкмөт башчынын тагдыры күздө чечилет

Бөлүшүү:

Азырынча жаңы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун өзгөчөлөнгөн кадамдарын деле байкай элекпиз. Анча-мынча кадрдык алмашуулар жогор жактын каалоосуна жараша чечилгени айтылууда. Бийлик системасын образдуу түрдө элестеткенде, от алып, жүрүп бараткан машине сымал иштей берет эмеспи. Ошол машиненин рулундагы, өкмөттү тизгиндеген мырзанын келечектеги түйшүктөрү боюнча азыноолак ой жүгүртөлү.

Кыргызстан ЕАЭБге даярдыксыз мүчө болгонун билесиңер. Анын айынан өткөн күздөгү айыл-чарба продукциялары өтпөй калганы, дээрлик бизнес жаатына залакасын тийгизгени факт. Мына ошол бөксөлүктү толтура албай турабыз, маселен, эт, сүт азыктары текшериле турган лабораториялар алигүнчө курула элек. Эгерде ЕАЭБдин талабына ылайык, өндүрүлгөн айыл-чарба продукцияларына лицензия ала албасак, анда быйылкы күздө дагы кыйынчылыктарга дуушар болобуз. Натыйжада, кичи-орто бизнесмендер, дыйкандарыбыз кайрадан банкротко учурап, элдин турмушу ого бетер начарлап кетиши турган иш. Мындай шартта экономикалык көрсөткүчтөр төмөндөп, карапайым калк ичинде жашоо-шарттын кесепетинен социалдык жарылууга жол ачылат. Андыктан, С.Жээнбеков чукул арада ЕАЭБдин шартына жараша кыргызстандыктардын соода саясатына терең көңүл буруп, бүтпөй аткан лабораторияларды ачтырып, өндүрүлө турган товарларга лицензия алып бериши зарыл. Бул оңой иш эмес. А күзгө чейин үлгүрөбү? Дал ушул жагы орчундуу көйгөй катары калууда.

Андан башка дагы жетишсиз жактарыбыз арбын. Ошол эле ЕАЭБдин курамындагы өлкө катары Кыргызстан толук кандуу аралашып калса, атаандаштык жактан соода жүгүртө алабы? Бул жагы да өкмөттүн профессионалдуулугуна, иштөө сапатына жараша болот. Бизде кадам сайын кризистик кырдаал түзүлө берет. Учурда айыл-чарба жаатында дыйкандар айдап-себүү иштерин толук кандуу жүргүзө албай, өп-чап жашоо кечирүүдө. Каржылык каатчылык күч. Жай келсе, суу тартыш, сугат талаалары какшыйт. Ошентип, күздө дагы жыргабай атпайбызбы…

Эсиңерде болсо, экс-премьер-министр Т.Сариев антикризистик программасын иштеп чыгуу жаатында аксаганы, акыр аягында саясый оюндардын курмандыгы болгону эл оозунда калды. Ошентип жүрүп, тендер чуусуна командасы аралашып, аягы коррупцияга шектүү адамдардын “күңүрт тизмеси” даярдалып калды… Эми С.Шарипович андан сабак алышы кажет. Кашаңдык, жүүнү боштук кылуу кыяматка апкелет. Мамлекетти жарга такайт… Сырткы-ички инвесторлорго шарт түзүү, салык төлөөчүлөрдү ашыкча текшерүү жагын көзөмөлгө алуу парз. Өлкөдө уюшкан кылмыштуулуктун бир канча топтору жүрөт, аларга бизнес жаатын тымызын түрдө сүлүк курттай сордурбаш керек. Эң башкысы, С.Жээнбеков өкмөттүн алдыдагы программасын, багытын аныктап алып, кол алдындагы жетекчилерге темирдей тартип менен иш ыргагын жандандыруусу шарт.

Эгерде күзгө чейин премьер-министр жаңы ачылыштарды жасай алса, туризм жагын көтөрсө, энергетикалык көзкарандысыздыктан чыксак, ЕАЭБдин жогорудагы маселесин чечсе, сырттан инвесторлорду тартуунун жолун тапса, анда жолубуз ачылат. Тескерисинче, С.Жээнбеков кабинет кайтарып эле алты айды өткөзүп жиберсе, анда нааразычылыктар курчуп, күзүндө кайра жаңы өкмөттү шайлоо саясый оюнуна туш болобуз.

Кыргыз саясатында өкмөттү кетирүү эң эле оңой иш экенин түшүндүк. Өнүккөн кээ бир өлкөлөрдө жарым жыл, же ай сайын өкмөт алмашып турат эмеспи. Ансыңарындай, биз деле “ит жыгылыш” оюндарга көнүп алдык…

“Азия news”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: