Кыргыз элинин сыймыгы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Ашыралы Айталиев көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка толмок. Өзү жок болсо да, арабызда асыл сөздөрү калды. Айтылуу акындын 90 жылдык мааракесине Республикалык Айтыш коомдук фонду “Ашыраалы Республикалык Жаш-тандай 2017” төкмө акындар айтышын өткөргөнү турат. Айтыш 10-11-мартта улуттук филармонияда өтөт. Байге фонду 500 миң сом. Айтышка 30 жашка чейинки баардык акындар катыша алат. Бирок КТРКнын концерттик залында өтө турчу тандоо турунан 16 гана акын тандалып алынат. Андыктан айтышка келип, жан дүйнөңүздөргө азык алып, эс алып кетиңиздер.
Булак: “Багыт.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ