Өспүрүм курактагы Айчүрөк турмуштун көптөгөн сыноосун баштан кечирип, жалгыз өзү оорулуу апасы менен кошо бир туугандарын багып жатканы тууралуу коомчулукка жарыялангандан кийин, жакшы инсандар бул үй-бүлөгө жардам колун сунушканы эсиңиздерде болсо керек. Ошол 13 жаштагы секелек кыздын тагдырын чагылдырган көрсөтүү Орусиянын мамлекеттик Биринчи каналындагы “Мужское/женское” программасында көрүүчүлөргө тартууланды.
Ал берүү “Уурдалган балалык” деп аталып, ага Айчүрөктүн үй-бүлөсү менен анын тагдырын коомчулукка алып чыккан журналист Сабыр Абдумомунов катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ