Menu

“Мекенге чыккынчылык кылган” өзбек ырчысы наамдарынан айрылды

Бөлүшүү:

Премьер-министр Шавкат Мирзияевдин талабы менен белгилүү өзбек ырчысы жана композитору, Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти Абдулазиз Каримдин сый наамдарын алып коюшту. Түркиянын жарандыгын алган ырчыны “Мекенге чыккынчылык кылды” дешүүдө. Маалыматтарга караганда, өкмөт башчы Абдулазиз Каримди 2000-жылы ыйгарылган «Нихол» («Бүчүр») сыйлыгынан жана 2003-жылы берилген Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти наамынан ажыраткан.

Негизи премьер-министр Шавкат Мирзияев биринчи жолу өзбек ырчыларын сыйлыктарынан ажыратып жаткан жок. 2010-жылы ал “Хужа” тобунун солисти Иззат Ибрагимовдун Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти наамын алып койгон. Бул Иззаттын Эгемендик күнүнө арналган майрамдык концерттин репетициясына келбей койгону үчүн берилген жаза болчу.

Маданият министрлигинде өткөн чогулуштан кийин «Узбекнаво» эстрадалык бирикмеси Түркияга барган өзбек ырчыларына талапты күчөттү. Эми алар тийиштүү органдардан атайын уруксат алышы керек болот.

Буга чейин 29-мартта Абдулазиз Карим Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглунун өзүнөн кат алган. Катта өзбек ырчысына Түркиянын жарандыгы бериле тургандыгы айтылган. Абдулазиз Карим 2015-жылдын май айында Өзбекстанда ырларына тыюу салынгандан кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. Ошондон бери ал Түркияда жашап, чыгармачылык менен алектенип келет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: