Menu

“Элдик парламенттин” таскагы катуулап баратат

Бөлүшүү:

Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков башында турган “Элдик парламенттин” таскагы күн сайын катуулап, дүбүртү дабыш жара башташы эмнени билдирет? Буга дейре саясый топтун курамынан Абдыганы Эркебаев баштаган топ чыга качса, алардын ордун толуктаган мүчөлөр катарга кошулушууда. Экс-вице-премьер-министр, Кыргызстан немецтер кеңешинин төрагасы Валерий Диль да өзүнүн командасы менен Талгарбеков башында турган “Элдик парламентке” мүчө болуп киргени, кайра бир күн өтүп-өтпөй айнып кетип, кошулууга убакыт сураганы таңгалдырууда. Эми жаш болбогон соң, салмактуу эле саясатчылар коркок билиштикке барбай, эки жагын таразалап, бир сүйлөшү керек да, туурабы? Бирок, Кыргызстандагы түрдүү улуттун катардагы өкүлдөрү аталган саясый топтун курамына агылып кирүүгө кызыгып атышканын байкадык. Кызык, тымызын түрдө саясый элита да “Элдик парламентке” кошулууга дилгирби? Чын эле өлкөдө өзгөрүүлөр болобу?..

Булак: “Азия news”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: