“Мени 2010-жылы 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөт Ош облустук милициянын начальниги кызматына дайындашкан, ошол жылдын 12-майында Нариман Түлеев тымызын Москвадан жетектеген контрреволюция чыгып, бийликти басып ала баштаган. Мен Кара-Кулжада жүрсөм ошол кездеги Ош облусунун губернатору телефон чалып, “тез келип кал” деп чакырды”, – деп билдирди 5-майда Бишкекте өткөн Сөз эркиндиги формунда Оштон келген полковник, Ош облустук милициянын экс-начальниги Абдылда Капаров
“Жетип келсем губернатордун кабинетинде ага-ини Сооронбай менен Асилбек Жээнбековдор экөөсү настроениеси жок олтурушуптур. “Абдылда, Роза Отунбаева моралдык жактан бузулган аял, ж… экен, “Атамбаев алкаш экен. Биз буларга кошулуп ит болдук. Нариман Түлеев бийликти алып коёт окшойт, ошого эле кошулалы, Түлеевге чыга турган жолуң барбы?” дешет. Аябай ачуум келип, эшикти “тарс” жаап чыгып кеттим. 12-май күнү Түлеевчилер Ош облустук администрацияны басып алып, Сооронбай менен Асилбек Жээнбековдорду кууп чыгышты. Бирок, биз милиция келип Түлеевчилерди кууп чыгып, контрреволюция жеңилди. Ал эми Асилбек менен Сооронбай Жээнбековдор эч нерсе болбогондой ошондон бери эле Отунбаева, Атамбаев менен иштеп келатышат. Бул бүгүнкү бийликтин жүзү”, – деди революционер полковник, Апрель Баатыры Абдылда Капаров.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ