10-майдан 11-майга чейин мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.
10-майда көпчүлүк аймактарда абанын күндүзгү температурасы 8…10° төмөндөп, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 10…15°, тоолуу райондордо 0…5° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…5° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл-чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 10-майдан 11-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ