«Кыргызстан» фракциясынын лидери Канат Исаев спикер болбой калганы ич күптүсү жазылбай, КСДПнын билермандарына катуу нааразы. Бийликтин дагы Канатка карата ишеними төмөндөп, жергиликтүү шаардык кеңештерде Ош, Токмок жана башка шаарларда «Кыргызстанды» коалицияга киргизбей койду. Мындай мамилеге ичи ооруган Канат мырза оппозицияга өтүп, бийликти бучкактан алчу учурду күтүп, бугуп жатат. Ал ортодо фракция ичиндеги өзүнө көзү түз эмес депутаттардан арылып, тирек болчуларды алып келүүнүн камын көрүүдө.
Алсак, Тынчтык Конушбаев менен Чолпон Султанбекованы мандаттан ажыратуунун аракетин көрүп жатканы айтылууда. Учурунда Тынчтык мырзаны Элвира Жумалиева, Чолпон Эсенаманова, Урмат Ишенбеков сыяктуу кылып Жогорку Кеңештен айдап чыгаарда, ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариев сактап калганы сөз болгон. «Сен Конушбаевди кетирсең, мен Арзыбек Кожошевди министрликтен алып ошонун ордуна алып келем» – деген ультиматум коюп. Ал эми Султанбекованы болсо Шаршенбек Абдыкеримов сактап калганы айтылган. Эми Канат ошондогу жетпей калган мүдөөсүн эми кайрадан ишке ашыруунун амалын көрүп жатканын эшиттик.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ