Сириядагы жардыруудан ливандык «Хезболла» шииттер тобунун командири набыт болгондугу кабарланууда. «Хезболла» Мустафа Бадреддиндин өлүмүнүн жагдайлары туурасында маалымат бере элек. Анткен менен бул топко ыктаган ливандык Al-Mayadeen TV телеканалы ал израилдик авиациянын соккусунан мерт кеткендигин маалымдады. Израиль маалыматка түшүндүрмө берген жок.
Мустафа Бадреддин – Ливандын мурдагы премьер-министри Рафик Харирини өлтүрүү боюнча айыпталып, сыртынан соттолгон төрт адамдын бири. «Хезболла» ал 1982-жылдан бери ислам каршылык көрсөтүү операцияларынын көпчүлүгүнө катышканын билдирди. 2008-жылы «Хезболланын» аскерий канатынын башчысы Имад Мугний өлтүрүлгөн. Ал Дамасктагы бомбанын жарылуусунан мерт болгон. Бадреддиндин өлүмү шииттер тобунун андан кийинки оор жоготуусу болуп калды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ