Menu

«Эл үнү» кыймылы: “Кырдаалдын ушундай абалга жетишине КСДП партиясынын, Атамбаевдин түздөн түз күнөөсү бар”

Бөлүшүү:

«Эл үнү» коомдук саясый кыймылынын элге кайрылуусу

Урматуу мекендештер!

«Элдик парламент» деп жакындa эле түзүлгөн коомдук уюмдун 2016-жылдын 12- майында өткөргөн жыйынынан кийин, анын жеткчилери кармалганы жана алардын үндөрүнө окшогон ауидожазмалар интернет сайттарга таратылганы кыргыз коомчулугуна маалым.

Ага чейин

Россиянын мамлекеттик жогорку кызматынын бийлик бутактарында иштеген бир нече генералдар жана жоопту кызматкерлер “Элдик парламентти” колдошууда деген маалыматтар ачык айтылып, ал түгүл  алардын айрымдарынын аттары да аталган. Б. Талгарбековдун  айтуусу боюнча, жогорку “колдоочулардын” талабына ылайык  17- майга чейин өлкөбүздүн Президенти А. Атамбаев президенттик кызматтан өз ыктыяры менен өткөрүп кетүүгө убада берген имиш. Эгер ал убадасына турбаса, анда 17-майда “Элдик парламент” 50-60 минден ашык адамды Бишкекке тынч митингке топтоп, анын кызматтан кетүүсүн талап кылышмак. Президент кеткенден кийин, аталган уюмдун башында тургандардын бирөө Өкмөт башчысы болуп дайындалып, ага Президентин да милдетин аткаруу убактылуу жүктөлмөк. Мунун бары маалымат сөз катары гана айтылып келди. Бийлик Б.Талгарбековдун элге тараткан маалыматын «Бийликти күч менен басып алуу» катары баалап, аталган уюмдун лидерлерин камаганы коомчулукка белгилүү. Ошондуктан “Атамбаевди кетет же кетиребиз” – деп гана айткандары үчүн аталган уюмдун жетекчилерин камап салуу,  бийликтин адам укугун жана да демократияга шайкеш келген мыйзамдарды одоно бузгандыгы болуп эсептелет. Себеби камалгандардын ойлорунда бийликти кетирүүнү көздөө болгон күндө да ага карата иш аракеттерин жасашкан жок. Демек, Кыргыз Республикасынын Прокуратура жөнүндөгү мыйзамынын 25–статьясына ылайык, камалгандар КР мыйзамдарына каршы келген пикирлерин тарата баштаганда Генералдык прокурор аларга эскертүү (предосторежение) бериши керек болчу. Муну бийлик эми деле жасап камалгандарды бошотсо да кеч эмес.

Чынын айтканда

“Элдик парламенттин” жарыялаган маалыматтары бийликти гана эмес, биздин «Эл үнү» саясый коомдук кыймылынын мүчөлөрүн да түйшөлтүп жаткан. Себеби Кыргызстан дүйнөнүн көп өлкөлөрү менен дипломатиялык мамиле түзгөн, Бириккен Улуттур Уюмунун толук кандуу мүчөсү болгон эгемендүү мамлекет. Кыргыз Республикасынын конституциясынын 2-беренесинде “Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси, Кыргыз Республикасындагы бийликтин бирден бир булагы” деп так жазылып турат. Демек, Кыргызстанда бийликти шайлоо же кетирүү бул Кыргызстандын элинин гана укугу. КР Президентин “Бийликтен  кет” – деп айтууга кайсыл бир чет мамлекеттин жарандарына, мамлекеттик кызматкерлерине генералдарына эч ким укук берген эмес. Биз муну мамлекетин эгемендүүлүгүн коргоо катары айтып жатабыз. Себеби кайсыл бир чет мамлекетин биздин ички иштерибазге (Ал кандай мамлекет болбосун, кошунабы, дос мамлекетпи) кийлигишүүгө жол берүү кыргыз малекетинин эгемендүүлүгүнө шек келтирүү менен барабар. Мамлекеттин эгемендүүлүгүн сактоого, мамлекеттин мамлекетүүлүгүн коргоого келгенде, ар кандай саясый оюндарды токтотуп, мекенибиздин, элибиздин, улутубуздун, мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн биригип, ар кандай сырткы күчтөрдүн биздин ички иштерибизге киришүүсүнө жол бербешибиз керек.

Бүгүнкү эгемендүүлүгүбүз ата бабаларыбыздын кылымдар бою зар какшап күтүп тилеген тилеги болгонун жана аны сактап кийинки муунга өткөзүү бүгүнкү муундун ыйык милдети экендигин эч кимибиз унутпашыбыз керек. Бул милдетибизди аткара албасак ата бабалардын арбагынын астында, келечек муундун астында оор каргышка калабыз. Эгемендүүлүккө ээ болуу өтө кыйын, аны сактап калуу андан да кыйын. “Элдик парламенттин” өкүлдөрү ушуну түшүнбөй же түшүнгүсү келбей жатканы, бизди түйшөлтүп жатат.

Биз муну 

Бүгүнкү бийликти, Атамбаевди жактоо үчүн айтып жаткан жокпуз. Эгер биз аны жактаган уюм болсок, анда   «Эл үнү» саясый коомдук кыймылы төрт жылдан бери тынбай, “Алмаз Атамбаев революциянын максатарын ишке ашыр, мурдагы эки президентин жолуна түшпө, диктатор болбо, мамлекеттин тышкы саясатын эгемендүү мамлекеттин Президенти катары туура жүргүз, авторитардык режимден кач, бийликти узурпация кылба, эл биримдигин, мамлекеттүүлүктү чыңда, коррупция менен жасалма күрөшкөндү токтот, оппозиция менен сүйлөшүгө үйрөн, аларды биздин өлкөдө душман көрбө, бийлигинди күч органдарына, сотко таянып жүргүзбөй, элге таянып жүргүз, Кумтөрдү мамлекеттин кызыкчылыгына иштет, “Кыргызгазды”, Камбар-Атаны, Жер үйдү бербе, кен байлыктарды чет элге таратпа, светтин, суунун, газдын баасын көтөрбө, Батукаевди чыгаргандарды жазала, морадерлерду сотто” – деп ага жаман көрүнүп, “Булар канга тойбогон кузгундар, эл бузарлар, буларды таш баранга алып куугула” – деген сөздөрдү укпайт элек да.

Кыргызстанда эки жолу революция эмне үчүн болду?

Ата-бабаларыбыздан калган кутмандуу жерибиз четинен кемип, элибиз коррупционерлердин жана инвестор деп аталган чет элдик арамтамактардын талоондорунан алсырап,  өз байлыгыбызга өзүбүз ээ болбой, элдин укугу тебеленип, мамлекеттин кызыкчылыгы бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгы менен алмашып, үчүнчү сорттогу элдин кейпин кийе баштагандан болгон. Бизди “канга тойбогон кузгундар, эл бузарлар” деп атагандар, өлкөдө коопсуздукту тейлеген бийлик органдары, Жогорку Кенеш, эмне үчүн “Элдик парламенттин” өкүлдөрү Атамбаевди кызматтан кетириш үчүн Россиянын айрым бир кызматтагы адамдары менен макулдашып жүргөндөрүн ачык эле элге жарыялап жатышса да биринчи күндөн баштап маалыматты талкууга алышпады. Эмне алар үчүн мамлекеттик кызыкчылыктын кереги жокпу? Мамлекетин баш мыйзамынын одоно бузулуп жатышы кызыктырбайбы? Бул суроолорго бир гана жооп бар. Анткени Жогорку Кеңештин депутаттыгына мамлекеттик кызыкчылыкты эмес өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын биринчи орунга койгондор келишкени күн өткөн сайын коомчулукка айкын болууда.

Кырдаалдын ушундай абалга жетишине бүгүнкү бийликтин, Жогорку Кеңештин, дээрлик бардык бийлик бутактарын ээлеп алган КСДП партиясынын, Президент А.Атамбаевдин түздөн түз күнөөсү бар деп айта алабыз.  Мамлекет демократиялык жолдон тайып, бүт бийлик бир партиянын (Ачыгы партияга жамынуу менен бир адамдын) колуна топтолуп өлкөдө мыйзамдуулук сакталбай калды. Коррупция болуп көрбөгөндөй күч алды. Элдин жашоо турмушу кескин төмөндөй баштады. Президент тарабынан берилген убадалардын бири да аткарылбады. Биз “Элдик парламент” тарабынан коюлган он талаптын негиздүү экендигин да тааныйбыз.

Ошодуктан

“Эл үнү” саясый коомдук кыймылы

Биринчи. Кыргыз Республиксынын Презиндентинен, Баш прокуратысынан: мыйзамсыз аңдууга, тыңшоого алынып, жеке адамдардын өз ара сүйлөшүүлөрүнүн купуялулугун одоно бузгандыгы үчүн Б. Асанов, К. Кадыров, Д. Сарыгулов, Б Талгарбекого жана башкаларга козголгон кылмыш иштерди кыскартып, аларды Кыргыз Республикасынын Прокуратура жөнүндөгү мыйзамынын 25-статьсынын негизинде эскертүү (предосторежение) берүү менен камактан чыгарууну, жана мындай мыйзамсыз кугунтуктоону токтотууну талап кылат.

Экинчи. Кыргызстанда бийлик мыйзамдуу жол менен гана алмашышы керектигин белгилейт. Кыргызстандын ички ишитерине кайсыл бир чет мамлекеттин, бир дагы сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсүнө жол берилбеши керек. Кайсыл бир чет мамлекеттин же сырткы күчтөрдүн кыргызстандын ички ишине кийлигишүүсүн биздин мамлекеттин эгемендүүлүгүнө кол салуу катары баалайт.

Үчүнчү. “Элдик парламенттин” маалыматынан кийин биздин мамлекетке кандайдыр бир кызыкчылыктары менен көз арткан сырткы жана ички күчтөрдүн бар экени ачыкка чыкты. Кыргызстандын ички иштерине сырткы күчтөрдүн мындан ары да кийлигишүүсүнө, алардын аракеттерине ички күчтөрдүн көмөктөшүп кетпешине жол бербеш үчүн, мекенчил күчтөрдү бир тилекте болуу менен биригүүгө чакырат.

«Эл үнү» саясый коомдук кыймылы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 95 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: