Menu

Иранда хиджабы жок сүрөткө түшкөндөр камакка алынды

Бөлүшүү:

Иран бийлиги хиджабсыз моделдердин сүрөтүн интернет баракчаларга жүктөгөнгө катыштыгы бар делген сегиз адамды камакка алды. Бул өлкөдө аялдар хиджаб кийип жүрүүгө милдеттүү.

Мамлекеттик телеканалдын маалымдашынча, Instagram түйүнүн колдонгон 170 адамдын тек-жайы такталды. Алардын арасында 58 модель, 51 кийим дийзайнери, 59 сүрөтчү жана визажист бар. Алар “Ирандын үй-бүлөлүк баалуулуктарына шек келтирип жатат” деп айыпталууда.

29 адамды полиция түйүндүн негизги менеджерлери жана катышуучулары деп айыптоодо. Репортажда бир аялдын “сүрөттөрүмдү жайгаштырганым үчүн акча төлөнгөн” деген билдирүүсү да бар. Ага кандай айып тагылганы айтылган жок.

Ирандын мамлекеттик телеканалы буга чейин да кысымдан улам өзүн айыптуумун деп мойнуна алган адамдардын билдирүүлөрүн көрсөтүп келген. Өткөн жумада Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи интернетти “майдан талаасы” деп атаган. Анын пикиринде, диний ишмерлер менен диний окуу жайларынын студенттери туура эмес жана калпыс идеялар менен күрөшүүгө тийиш.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: