Бүгүн, 8-ноябрда машина менен ителги уурдап бара жаткан айдоочу колго түшүп, качып кеткен. Бул тууралуу Кочкор райондук мамэкотехинспекциянын кызматкери жергиликтүү журналисттерге билдирген.
Анын айтымында, Нарын облусундагы Кочкор районуна караштуу Комсомол айылынан эртең менен мыйзамсыз түрдө ителги ташылып бара жаткан машинаны мамэкотехинспекциянын кызматкерлери токтоткон. Машинанын айдоочусунан документтерин сурап жаткан учурда ал качып кеткен. Алар кубалап жетпей калышкан. Учурда аны издөө иштери жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ