Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында чыгармачыл мугалимдердин иш тажрыйбасын жайылтуу максатында Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан уюштурулган “Класстык сааттардын жана гуманитардык предметтердин алкагында өсүп келе жаткан муунду ыймандуулук маданиятына тарбиялоо көйгөйлөрү” аттуу XXVI республикалык педагогикалык окуулардын жабылышы болду. Бул туурасында мамлекеттик тил комиссиясынын басма сөз кызматы билдирет.
Аталган иш чарага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев катышып, мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн мыкты мугалимдерге Улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси жана “Ардак грамоталарын” тапшырды. Даербекова Айнура жана Калыкова Гүлзат “Кыргыз тили” төш белгиси менен, ал эми Кошоманова Рахат, Акималиева Гүлназ, Рыспаева Бактыгүл, Дабаева Назгүл жана Эшимбаева Элиза “Ардак грамота” менен сыйланышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ