Menu

Көмүргө болгон баанын өсүшү спекуляциябы?

Бөлүшүү:

Акыркы учурда Кыргызстандын рыногунда көмүрдүн баасы активдүү талкууга алынууда. Көптөр кара алтындын баасы жогорулап жаткандыгына нааразы болушса, айрымдары көмүрдүн жоктугун айтып коңгуроо урушууда.

Министрликтердин жана ведомстволордун өлкөдө көмүргө байланыштуу жаралган кырдаалдардан толук маалыматы бар, бирок ар кандай багытта комментарий беришүүдө. Айрымдар муну Казакстандан көмүр ташылып келбей калгандыгына байланыштуу жүрүп жаткан спекуляция деп баалашса, ай­рымдар ташылып келген кара алтындын кору түгөнүп бара жатса дагы баанын өсүүсүн жылуулук мезгилинин башталгандыгы менен байланыштырышууда. Ал эми үчүнчү жактын баамында, баа­нын өсүүсү көмүрдү ташып жеткирүүгө болгон баанын өскөндүгүндө.

Алгач көмүр сатуучулардын маалыматын уктук. Бир нече түйүнгө байланышка чыкканыбызда учурда кампаларда Казакстандын көмүрү жок калганын маалымдашты. Ал эми жергиликтүү көмүр унаа менен гана сатылууда.

“Шабыркүл” бир жарым айдан бери жок, качан болот белгисиз. “Кара-Кеченин” баасы 4200 сом. Алар унаалар менен гана сатылууда, кампада жок. Кампадан “Кара- Жыра” жана “Шабыркүл” көмүрлөрү сатылат, учурда көмүр жок болгондугуна бай­ланыштуу алар жабык», – дейт сатуучу Анатолий Смирнов.

Ал эми бир жарым ай ичинде көмүрдүн баасы тоннасына 600-700 сомго өскөндүгү коммерциялык сыр экендигин айтып, маалымат берүүдөн баш тартты.

Көмүрдү унаа менен эмес, кампадан саткандардын айтымында, кара алтынды та­шып келүү көйгөйү эбак эле башталган. Көмүр бир апта кээде андан дагы көбүрөөк кечиктирилип келчү. Учурда чек арадагы абалга байла­ныштуу узак убакыттан бери импорттук товар жок.

“Казакстандан бир жарым айдан бери көмүр ташылып келбей калды. Мындай көйгөй былтыртан бери жаралды. Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, анын биринчи себеби ташып келген вагондордун жетишсиздиги. Ал жакта кара алтын жетиштүү деңгээлде, бирок Казакстандын вагондору жетишпей жатыптыр. Ал эми жергиликтүү вагондор эгер жаңылбасам 60тын тегерегинде жана өтө эски”,- дейт дагы бир сатуучу Александр Гордеев.

Андыктан көмүрдүн жетишсиздигинен улам дагы баа өсүп кетти. Көмүр бирдей баада ташылып келет, ал эми сатканда ар кандай баа коюп сатышат.

“Учурда көмүр жок деген ызы-чуудан улам баа – 4300 же 4500 сомго чейин чыкты. Эгер бир КамАЗ толтура көмүр ташып келе турган болсок, ал 3900 сомдон айланат. Болжолдуу түрдө 15-20 тонна көмүр болот. Ал эми алып сатарлар ортодон 500-600 сом кошуп сатып жатышат. Айла жок, эл алып жатат”, -дейт Александр Гордеев.

Тактап айтканда, баанын өсүүсү спекуляцияга бай­ланыштуу жана эксперттер мунун менен макул. Көз карандысыз эксперт Расул Умбеталиев мамлекеттик жөнгө салуу жок эле абал жакында өзгөрөт деп ишенет.

“Баанын көтөрүлүп жатканы сезонго байланыштуу. Албетте, көмүр ташып келип жаткан алып сатарлар бааны 3 эсеге жогорулатып жатат. Казакстандын Кыргызстанга көмүр ташып кирүүгө чектөө коюуусу дагы абалга таасирин тийгизүүдө. Бул дагы кандайдыр бир негизде баанын өсүүсүнө шарт түздү. Учурда вагондор менен бир гана көмүр ташылбастан, дан өсүмдүктөрү дагы ташылууда. Андыктан ноябрдын башында вагондор бошой түшөт жана көмүр ташуу жанданат»,- деди Умбеталиев.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: