Акыркы кездери иши алдыга жылбай, жалаң көйгөйлөргө тушугуп жаткан премьер-министр Сапар Исаков кызматынан айрылып калышы мүмкүн экени айтыла баштады. “Исаков жалаң чет өлкөдөн билим алган кеңешчилердин тилине кирип, карапайым элдин жашоосунан алыстап кетти”, – дешүүдө. Ошондой эле Исаков президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ортосунда чайналып, өзүнүн ыйгарым укуктарын кеңири колдоно албай, кадрдык саясатка батыл киришип, өз алдынча кескин реформа жасаганга батынбай жатканы да кеп болуп жатат. Айтор, “өйдө тартса араба сынат, ылдый тартса өгүз өлөт” абалында турат. КСДП фракциясы вице-премьер министр Дайр Кенекеев баштаган өкмөт мүчөлөрүнүн отчетун жактырбай коюшканына караганда, Сапар Исаковдун басмайылы бошоп калгандай.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ