Menu

Каржы министрлиги коммерциялык банктар менен “сүйлөшүп алган” деп айыпталууда

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Каржы министрлиги коммерциялык банктар мнен жашыруун сүйлөшүүдө. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында депутат Ирина Карамушкина билдирди.

Ал Өкмөттү гранттардын эсебинен пайда көргөнүнө айыптады.

“Мен Өкмөт менен коммерциялык банктар ортосунда жашыруун сүйлөшүүлөр бар экенин ачык эле көрүп турам. Силер коммерциялык банктарга гранттардын эсебинен пайда көрүүсүнө жол берип жатасыңар. Эмне үчүн айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган акча каражаттары коммерциялык банктар аркылуу жогорку үстөктөр мнен берилиши керек? Силер аларга каражаттарды 5% үстөк менен бересиңер, алар болсо ошол эле каражаттарды калкка 12% үстөк менен берет. Бул схемаларды жабып, жарандарды тоноону токтотуу керек” – деп талап кылды Ирина Карамушкина.

Аны депутат Исхак Пирматов колдоду. “Жакында коммерциялык банктар 12-13% үстөктөр менен насыя берип баштайт, эмне үчүн биз аларды төмөндөтүп, насыяларды мамлекеттик “Айыл Банк” аркылуу бербейбиз?” – деди ал.

Парламент комитетинде Өкмөткө гранттык каражаттарга карата үстөктөрдү төмөндөтүү боюнча тапшырма берилди.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын өкмөтү өлкөдөгү агрардык өндүрүштү колдоо долбоору үчүн  Герман өнүктүрүү банкы менен макулдашып, 27 миллион евро акча каражатын ажыратууга жетишкен. Бул долбоор 2024-жылга чейин эсептелген.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: