Кечээ, 25-мартта Ирандан Кыргызстанга Азербайжан, Россия жана Казакстан аркылуу транзит менен келе жаткан жүк ташуучулардын акыркы колоннасы (12 айдоочу) “Котяевка—Курмангазы” өткөрмө пункту аркылуу Казакстанга кирди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 26-мартта билдирди.
Алардын айтымы боюнча, 20-марттан бери Казакстан аркылуу 57 жүк ташуучу унаанын айдоочусу 3 колонна болуп өтүшкөн. ТИМден белгилешкендей, казак тараптан Ирандан келе жаткан жүк ташыган унааларга берилген транзиттик коридор жабык болуп саналат, ал эми жүк ташуучулардын маселеси чечилген.
ТИМ Ирандын, Азербайжандын, Россиянын жана Казакстандын аймагынан жүк ташуучуларды транзиттик жол менен өтүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бергендиги үчүн аталган өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрликтерине ыраазычылык билдирди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ