Menu

Бабановду каралайбыз деп атышып эки элдин мамилесине доо кетиришпесе экен

Бөлүшүү:

Жакында Өмүрбек Бабанов Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп келгени дайын болду. Чоң жарыштын алдынан коңшу мамлекеттин президентине жолуккан талапкер негизинен чек ара маселеси тууралуу маселелерди сүйлөшкөн. Бирок, муну да өз пайдасына оодарып, Бабановго айып такканга ашыккандар табылды. Бир өкүнүчтүүсү, Бабановго асылабыз деп атышып, коңшу мамлекеттин мамилесин солгундатып, жалпы кыргызстандыктарга кесепетин тийгизип алышпаса экен. Шашылган КР ТИМ бийликке жагынам дедиби, же келген тапшырма ошондой болдубу “силердин президентиңер биздин бийликтин талапкерине номер биринчи атаандаш менен жолугушуптур” дегенсип, Казакстандын ТИМине каршылык нотасын жиберди. ТИМ муну “Казакстандын Кыргызстандын ички шайлоо ишине кийлигишип атат” деп белгилептир. Мына кызык, кийлигишкендей Назарбаев өз талапкерин сунуштап атабы, “Бабанов!” деп жар салдыбы? Болгону, жөндөмдүү, билимдүү, дараметтүү, эң негизгиси келечектүү кыргыз талапкерин баалай турганын жашырбады. Пикирин ачыкка чыгарганы үчүн “ички ишке киришчил” болуп чыга келген Назарбаевди да бул бийлик кара күчүнө салып, кааласа түрмөгө каматып, кааласа өлкөдөн өзү эле качып кеткенге жеткирген катардагы саясий атаандаштарындай сезип алса керек. Казакстандын президенти эпадам Кыргызстанга кыйыр көз менен карап калчу болсо, ал жактагы кыргыз мигранттарга да кесепети тиери бышык. “От менен ойношпо” дегендей, шайлоону гана ойлой бербей, от менен ойногонду токтотуп, сырткы миграциянын агымындагы жарандарын да ойлоп койсо бийлик. Анчалык эле атаандашын каралагысы келип атса эл аралык мамилелерден сырт эле жөө жомокторду токуй койсун. Ансыз деле жаманатты кылам дегендерин кайдан-жайдан чындыкка өмүрү төп келбей турган маалыматтар менен эле төө бастыга алып атпайбы.

Кыргызстандын дооматы казак саясий жаатында да катуу талкууга алынууда. Казакстандын коомдук ишмери, “Казакстан” мамлекеттик телеканалынын жетекчиси Ерлан Карин өзүнүн Фейсбук баракчасына: “Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эки өлкө ортосунда “жасалма чыңалуу” жаратууда” деген пикирин калтырды. Ушул бир пикир эле казак саясий чөйрөсү Кыргызстандан келген нотаны кандай кабыл алганын түшүнүүгө болот.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: