Menu

Бермет Түмөнбаева, жазуучу: “Руханий байлыкты китептен гана алабыз”

Бөлүшүү:

Убакытты кол менен кармап калууга болбойт окшойт, адам өмүрү улам-улам алга шашкандай туюлат. Кай бирөө ал өмүрүндө пайдалуу, керектүү иш кылбай, күндөрүн, жылдарын бекерге узаткандай.

Ал эми экинчисине кайрылсак, эл үчүн, коом үчүн өтө керектүү, унутулгус иштерди бүтүргөндөй. Алардын бири – Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар кошунунун мүчөсү, жазуучу, акын, драматург, котормочу, журналист Бермет Түмөнбаева.

Анын калеминен жаралган бир нече чыгармалар менен таанышмын. Кээ бир гезиттер айрым роман, повесттерин жарыялап жүрүшөт. “Тиги романыңыздын экинчи бөлүгү качан чыгат? Окуйт элем. Тездетсеңиз?” – деп сурангандарын уккам. “Же жөн эле айтып берсеңиз?” – дегендери да бар. “Болбойт! Анда кызыгы жок болуп калат. Чыкканда өзүм биринчи сага кабарлайм!” – жооп узатканы эсимде.

Жазуучунун өз окурмандары топтолгонуна абдан таңдандым: “Ар бир китебинин нускасы 300-500-1000 даанадан чыкса. Буга чейин 50дөй китеби жарык көрсө, кийинки жылдары он томдук чыгармалар топтомунун үстүндө иштеп, анын бардыгы окурмандарга сунушталса… Ошондо кыйла эле көп сандагы окурманы бар экенин туйдум.

Бүгүн сиздердин назарыңыздарга жазуучу Бермет Түмөнбаева менен болгон маекти сунуштайбыз.

 – Эже, редакциябызга куш келипсиз!

– Ырахмат. Биринчиден, жергебизге жаз келди. Кыштан аман-эсен чыктык. Быйылкы жазда силердин  гезитке келдим. Жыйырма беш жылдык өмүрүм редакцияда калды. Алар тууралуу “Тагдыр”, “Жетинчи редактор” аттуу романдарымда жаздым. Гезиттин ар бир санын кунт коюп окуймун. Себеби, “гезит өлкөнүн бир күндүк жашоосунун күзгүсүндөй”. Өзүм да кийин башка гезиттерде иштегем. Ал кезде саясат башка эле. Сындап, курч, калемпирлүү макала чыгарыш опурталдуу болчу.

Алтымышка чыкканда “Ашуудан берген отчетум”,- деп акын Байдылда Сарногоев айткандай, ал жашка толдум. Ошон үчүн  чыга элек роман, повесттеримди топтоп, тандап чыгаруудамын. Жыйынтыгында, он томдугумду чыгардым. Басмада “сүрсүп” дагы бешөө  жатат.

Бул томдордо бир эле чыгарманын башы, аягы эмес. Ар бир томдун өз-өз аты бар, ар башка чыгармалар. Көбүндө биздин коомдо жашаган инсандардын тагдыры, өмүрүндөгү кызыктуу окуялар сүрөттөлдү. Ошондой эле чыныгы, таза, ыйык махабат менен чириген байлык, наадандык карама-каршылыкта жүргөнү, адам баласы ойлогон оюна, койгон максаттарына нечендеген тоскоолдуктарга карабай, талыкпастан аракеттенип, үмүтүн үзбөй, чарчабай жеткенде гана сөзсүз бактылуу болоорлугу, миң сандаган, баа жеткис байлыгы болсо деле махабатты түшүнө албаган, ыймансыз, кара мүртөз, таш боор, акылы кем замандаштарыбыз тууралуу жогорку көркөмдүктө жазылган нечендеген чыгармаларым окурмандарым тарабынан жылуу кабыл алынганы мени кубантат.

Ар бир окурманым канча жашта болбосун чыгармам аларды кайдыгер калтырбай, улам кийинкисин окуп, окуянын кандайча бүткөнүнө кызыкканын жашыра алышпай, мага кабарлашып, өздөрү күбө болгон тагдыры боюнча айтууга шашылышат.

Окурмандарымдын арасынан жаңы китебиме демөөрчү тапкам, китеп чыгаргам. Демек, менин чыгармаларым жөн эле жазылбаганына, окурмандын жүрөгүнөн түнөк тапканына, ага жагып калганына сүйүнөм. Бир окурманым: “Эже, сиздин китебиңизди окуганымда жаным жыргайт, жай алат. Анткени, окуп баратып, окуянын кандайча аяктаганына кызыгамын. Ошону менен катар турмушума зарыл, пайдалуу үлгү алам. Себеби, сиз элге ак кандай, кара мүртөз эмне, адам эмнеден оолак болушу керек? Баарын окуя, адамдардын үлгүлүү, же тескери жорук-жосуну аркылуу түшүндүрөсүз. Тилиңиз өтө жөнөкөй, окуганга жеңил, анан абдан таттуудай. Сиздин китепти окуганымда – салкын абасы бар төр жайлоодо эс алып, боз үй ичинде сүттөлгөн чайды жаңы бышкан боорсок менен ичип аткандай өзүмдү сезем. Же болбосо, Ысык-Көлдүн жээгиндеги жылуу кумда көлгө түшүп келген соң, эс алып жаткандай туямын. Ушунчалык эргийм, жыргайм. Көпчүлүк окурмандар мендей ырахатка батса деп тилейм…” – ушундай маанайда жазган пикирлери көп.

– Сиз учурдун белгилүү калемгерисиз. Китеп окурмандары сизди “Тагдыр”, “Ак дил”, “Бейтааныш аял”, “Эмиратка уурдалган”, “Азаптын жыргалында”, “Аралдарда көз жарган”, “Сүйүү кусуру”, “Азил-чыны аралаш -1-2”, “Кымбатым кош дебечи”, “Амалкөй”, “Курорттогу сүйүү”, “Сибирде калган тагдырлар”, “Сезим жаңырыгы”, “Алтынга алмашкыс” “Сүйүшкөндөр”, “Махабатты барктагыла”, “Бийлик кумары”, “Комбат Олигарх”, “Кусалык”, “Сагынуу”, “Экөөбүз”, “Ардагым сага”, “Жаным садага”, “Бири кем дүйнө”, “Купуя сыр”, “Жетинчи кабаттагы мафиоза”, “Кыял чабыттары”, “Тоолуу өрөөндө”, “Сүйүүнүн бир тамчысы”, “Суулар акканда”, “Жалбырактар күбүлгөндө”, “Балакайга белегим”, “Махабат ордосу”, “Боздогон күн”, “Сүйгөнүм Түркия 1-2-3-4-5” романдары, “Күтүү”, орус тилинде чыккан “Скорбный день”, “Единственная”, түрк тилинде жарык көргөн “Sevdam Turkiye 1-2-3-4-5” романдары, англис тилинде чыккан “Bleck giri” аттуу повестиңиз аркылуу билишет, таанышат. Буга чейин сиз жалаң үй-бүлө, сүйүү, адеп-ахлакка тарбиялоо, жакшылыкка үндөөгө толгон чыгармаларыңыз болсо, кийинчерээк детектив, балдар адабиятына көңүл бөлүүдөсүз. Эми мобул чыгармалар топтомунун 8-томдугунун маани-маңызы башкача нукта экен…

– Ооба, менин башка жазуучулардан өзгөчөлүгүм – бир эле теманын үстүндө жаза бербейм. Козгогон темаларым ар түрдүү, кызыктуу, курч сюжеттүү, романтикалуу. Көпчүлүк чыгармаларымда азыркы жашообуздагы аялзаттын жаркын образдарын, алар күбө болгон таза, бийик, ыйык махабат сезимдери, адеп-ахлакты туу туткандар, жапайы, жырткыч, ыплас капиталисттик доордогу наадандыктардан жаа бою качып, ага тизе бүкпөй, үй-бүлөсүн, өзүн сактап, очогун бузбай, эртеңки күндүн ээлерин, балдарын чоңойткон айымдардын аруу сезимдерин сүрөттөгөм.

Ар бир окуялар динамикалуу өнүгүп, оригиналдуулугу менен өзгөчөлөнөт. Окурмандардын бүйүрүн кызытып, жашообузда деле жагымду жагдайлар бар экенин айгинелеп, алар ажайып сулуулугу жана бийиктиги менен бизди курчап турганын даңазалагамын.

Окурмандарым тарабынан чыгармаларым жылуу кабыл алынып, нукура көркөм тил менен жазылып, жылуу маанай тартуулап, аргасыз эргүүгө, жашоого карата жаңыча көз карашты пайда кылууга, эртеңки күнгө үмүттүү карап, терең ойлонууга чакырат. Чыгармамдагы кейипкерлер ушу арада, сиз, биз тааныган замандаштарыбыз экенин баамдагандай абалга келет. Кейипкерлердин образын жаратууда менин жеке көз карашым, ой табылгам, окуяны кызыктуу нукка жетелей, улам кийникиси кызыктуудай болчудай абага алып келем…

Ал эми мына бул  “Периштем эле” романымды окурмандарым кандай кабыл алышса өз эрки. Себеби, буга чейин мындай маанидеги чыгарма кыргыз адабиятында жок эле. Романда адам баласы анча маани бербеген, түшүнгүсү келбеген – башка аалам бар экени, ал ааламдын пенделери – Периштелер бизге – адамдарга ар дайым келип, жардамын берип, тиги-бу кырсыктан коргоп, кулакка шыбырап, түшкө кирип, аян бергени таасын, ачык сүрөттөлгөн.

Кээде өзүбүз кээ бир окуяга таңданабыз. Себеби, ал окуя өтүп жатса, биз аны эбак эле билгендей кабыл алабыз. Анын кандайча бүтөөрүн мурда эле туюп койгондойбуз. Же болбосо, тааныбаган үйгө, айылга конокко барсаңыз – ал жердеги коюлган буюм-тайымдар, бак-дарактар, а түгүл тоолор эчак эле сизге тааныштай туюлат. Аларды капарыңызга албайсыз, таңданбайсыз деле. Ошол жерге баягыда эле баргандай, барын көрүп алгандай эсептейсиз. А бирок, негизинде аякка жаңы эле жеткениңизди эстеп: “Эмне үчүн бул жердегилер мага тааныш? Качан келдим эле?” – дейсиз.

Ошондой эле кээ учурда бирөө бир нерсе сураганда, ойлонбой гана, жооп узатасыз. Анан сөздү, жоопту айтып алып: “Опей! Эгерде мен айткандай болбосо кантем? Мен эмнеге түз жооп айттым?” – деп бушайманга түшөсүз. Байкап көрсөңүз, ошол окуянын жыйынтыгы так эле сиз айткандай чыгат. Ошондо  укмуш таңданасыз: “Ошентип айт!” – деп оозума ким кепти сала койду? Ким кулагыма кобурады, ыя?” – дегенсип өзүңүзгө-өзүңүз таң бересиз.

Аруулук, актык, Алла Таалага ишенүү, аны сүйүү, кастарлоо, адамзатты ыпластыктан, кылмыштуулуктан, жаман жоруктардан алыстатуу ниетинде окурманыма бул романымды тартууладым.

– Сиздин чыгармаларыңызда чет өлкөлөр да сүрөттөлүп, окурмандардын кызыгуусун арттырууда десем аша чапкандык эместир?

– Туура. Көптү көрсөң – чет өлкөлөрдү кыдырсаң – ой өрүш да өсөт экен. “Сүйгөнүм Түркич 1-2-3-4-5” романдарымда бул карт, жаш өлкө боюнча кыргыз окурмандарына буга чейин эч бир жазуучу жазбаган окуяларды, эки элдин достугун, ал өлкөлөрдөгү кыргыздардын жашоосун, билим алып жаткан кыргыз жаштарынын турмушун чагылдыргам.

Түркияда мурдагы Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин вилласы барын Стамбулдагы кыргыздар айтышты.”«Кандай болду экен?” – деген ойдо болдум. 2015-жылы президентке кат жолдогом. “Уруксат бердирсеңиз барайын, көрөйүн”,- деген тейде. Ал жооп берген жок. Эми убактысы болоор бекен деп күтүп жүрөмүн…

Түркия мамлекетинин бизге жөнөткөн элчилери бир-эки жылдай иштешет окшойт. Бул ирээт азыркы элчи Мехмет Кылычка, аялы Симтен Кылычка катты 2015-жылы жолдогом. “Убактысы жок”,- деп эле катчы кызы Элик улам жооп узатат. Кыргызстандагы элчи Кылычтын жасаган жакшылыктары тууралуу китеп жазсам дегем… Кичине убактысын бөлүп койсо дегемин.Балким алар гезитти окуп калса көңүл бөлөөр…

– Балдар адабиятына кандайча кайрылдыңыз?

– Бул темада жазып жүргөндөрүм бар эле, топтогом. “Балакайга белегим” аттуу китепте жомоктор, уламыштар, легендалар, аңгемелер, кызыктар, балдардын күлкүлүү жоруктары жазылган. Китепте ар кайсы өлкөгө “саякатка” чыгып, ал жердин өгзөчөлүгү, элдин каада-салты, жаратылышы жөнүндө өтө кызыктуу жазылган. Китепти чыгарууга демөөрчү болгондорго сиздердин гезит аркылуу ырахматымды айтмакмын. Келечекте ушул темада дагы бир китебим чыкмакчы. Себеби, балдар үчүн жазылган китептер жокко эсе…Азыр бул китептин экинчиси басмада, даяр.

– Ал эми детектив багытына кандайча көңүл бөлдүңүз?

– “Комбат-Олигарх” аттуу чыгармамды “Майдан” гезити окурмандарга тартуулаган. Анда кылмышкерлер дүйнөсүндөгү аза бойду тик тургузган өтө кара мүртөз, ашынган баш кесерлер, коррупционерлер жөнүндөгү окуялар сүрөттөлгөн. Гезитти абактагылар да окушат экен. Ошондо буйрутма менен киши өлтүргөндөр, атууга кеткендер үстөккө-босток мага кабарды телефон аркылуу жөнөтүштү. Эми аларды окусаң – ыйлайсың. Себеби, жаш эле жигиттер экен. Бул жашоодон эрте кетип жаткандарын, өмүр таттуу экенин, үйлөнбөй, акча үчүн башкалардын өмүрүн кыйгандардын эң акыркы керээзи, элге кайрылгандары. “Мени тамашалап, кантээр экен? Кантип жооп берээр экен?”,- деп жатышат го деп да ойлодум. Бирок, жашыруун номер менен ачык эле телефон чалып, көпкө баарлашты. Бала кезин, кайда, каерде окуганын, ата-энеси ким экенин айтышты. Өлөөр күнүн да билдиришти. Мен эң биринчи ирээтте эне катары оюмду айттым: “Атууга эмес, өмүр бою абакта отурууга жазаны алмаштырса болбойбу?” – сурадым. “Жок, болбойт экен”,- деди. Кыскасы, азыркы заманыбыздагы кылмышкерлер төрдү ээлеп, мыйзамдарды үзө каалагандай өкчөп, элди мазактап, басынтып, кыжыр келчү иштерди жасаганы тууралуу “Бийлик кумары 1-2” романдарын жаздым. Буюрса, китептин экинчи томун окурмандарыма тартуулайм.

– Сиз сатира, юморлуу аңгемелерди да жазуудасыз…

– Ооба, 2001-жылы “Азил-чыны аралаш” аттуу сатира, юмор китебим чыккан. Экинчиси басмада “сүрсүүдө”. Кудай буюрган күнү жарык көрмөкчү.

– Драматургия жааты…

– Айрым драмаларым жарык көргөн. Эми баарын топтоп, өзүнчө китеп чыгаруу – максатым. Театр менен сүйлөшсөм, коюуга акча төлөөм зарыл экен…Эми кыргыз драм театрга классташым Асылбек Өзүбеков директор болду.Сценага  коюп, элге тартуулоого кенен шарт түзүлөөр…

– Поэзия багыты…

– “Сезим жаңырыгы” аттуу ырлар жыйнагым 2007-жылы чыккан. 2-3 композиторго обон чыгарууга бергем. Буюрса болуп калаар… Башка ырлар жыйнагым  да даяр…

– Сиз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Фридрих Эберт атындагы эл аралык, Чүй облустук бийлигинин сыйлыктарынын ээси экениңизди билебиз… Чындыгында аялзат жазуучулар арасында күрдөөлдүү иштөөдөсүз. Келечекте?

– Сыйлык кайда качмак эле? Эң негизгиси ар бир окурманым түз байланышка чыгып, китебим жөнүндө жылуу пикир айтканы, жылуу баарлашканы, чыгармама ой бөлүшкөнү, колунан келсе демөөрчү болоорун билдиргени – чоң сыймык. Себеби, азыр кээ бирөө өтө байыды. Тоолуу өрөөндөрдөгү айылдыктардын ар биринде 500 кой, 200 жылкы, чоң КАМАЗ, кичи жеңил унаасы, 1-2 гектар жери, алма багы, цехи, набайканасы бар. Демек, элдин алды жакшы турмушта жашоодо. Бирок, көроокат  топтоо үчүн – китеп окуу унутулду. Башынан китепке кызыккандар жаңы китеп окушат. Ал эми көрпенделер азыр кайсыл жазуучу бар экенин билишпейт. Эмне китеп жаңы чыкканынан кабары жок…

А келечекте дагы бир нече романдарым чыкмакчы.  Жаңы чыгармаларым басмаканадам  жатканына көп жыл тогошту. “Эже, эртең, бүгүн!”,- деп демөөрчүм алдап жүрөт. “Качан?” – телефон чалып, күтөм…

– Азыркы оор заманда калемиңизди колдон түшүрбөй эл үчүн мыкты чыгармаларды жаратканыңыз – эрдик. Сизге ийгилик каалайбыз. Чыгармаларыңыз элди адеп-ахлакка үндөй берсин!

– Сиздерге да ырахмат! Ылайым гезиттин нускасы өссүн! Гезитиңер ар бир үйдө болсун!  Окурман издеп, таап окуган гезит болсун!

Нургазы Анаркулов

Булак: Майдан.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: