Menu

Мирзиёев Ташкентти “коопсуз шаарга” айлантууну чечти

Бөлүшүү:

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент шаарынын ИИБинин Коргоо башкармалыгынын алдында борбор калаага видеокөзөмөл орнотуу боюнча атайын бөлүк ачыларын билдирди.

Мирзиёев бул тажрыйбаны Кытайда көргөнүн айтып, жарандарды үзгүлтүксүз көзөмөлгө даярдоо жана Ташкентти коопсуз шаарга айлантуу зарылдыгын белгиледи.

“Ташкент – коопсуз шаар” концепциясына ички иштер министринин бир орун басары жана анын командасы жооп берет. Ташкентте 2017-жылы 1-сентябрдан тарта 2019-жылга чейин эксперимент жүргүзүлөт. “Ар бир мааледе бирден инспектор – мааленин кызматкери ИИМдин жаңы бөлүгүнүн өкүлү болот. Эртең элдердин дүйнө таанымы өзгөрөт”,– деди президент Мирзияев.

Анын айтымында, Ташкенттин 505 маалесинин өкүлдөрү жана тилкелик инспекторлор үчүн окуу курстары уюштурулат. Алар заманбап видеокөзөмөл системасы менен иштешет.

Президент башкаруу борборунун ишин кийинчерээк өлкөнүн бардык шаарларында жайылтуу зарылдыгын баса белгиледи.

https://youtu.be/5fRrlSsBnns

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: