Menu

Жогорку Кеңеш журналисттерден кечирим сурады

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы журналисттерден кечирим сурайт. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

– Кечээ, 17-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйыны өтүп жаткан Батыш залында “АКИпресс” маалымат агенттигинин парламентте аккредиттелген эки кабарчысына Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын кызматкери Курант Медеров тарабынан орой мамиле жасалгандыгы үчүн кечирим сурайбыз. Журналисттер өздөрүнүн кесиптик иш-милдетин аткарып жаткан маалда түшүнбөстүктөр пайда болгон.

Нөшөрлөгөн жамгырдан улам Батыш залдын төбөсүндөгү вентиляциялык люктан суу тамган учурду журналисттер уюлдук телефонуна тартып жатканда Жогорку Кеңештин имаратындагы курулуш жана оңдоо иштерин тейлеген сектордун кызматкери тоскоолдук кылууга аракет жасаган. Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Кожомкулов аты аталган кызматкерге катуу эскертүү берип, журналисттерге карата мындай орунсуз мамиле кайталанса, жумуштан кетирээрин маалымдады, – деп айтылат маалыматта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: