Бүгүн, 19-октябрда Президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономикалык жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурсулуу Ахметова кызмат ордунан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин ЖЭБ боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия Бишкек ЖЭБди жаңылоо боюнча жоопту адамдардын тизмеси жарыяланган. Тизмеде Нурсулуу Ахметованын дагы ысымы бар болчу.
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаттары тергөөчүдөн Нурсулуу Ахметованы суракка чакырууну өтүнүшкөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ