Бүгүн Бишкектеги “Ак кеме” мейманканасында өтүп жаткан “Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин Кыргызстан кандай жол менен өнүгүш керек?” аттуу форумда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров сөз сүйлөп, азыркы бийликтин алешем жооруктарын сынга алды. Ошондой эле убагында УКМКны башкарып турган Бусурманкул Таабалдиевдин орусиялык ишкер Муса Бажаев менен болгон сүйлөшүүсүн тымызын күчтөр тыңшап жазып алуусу жана интернетке жарыяланып кеткенин бүгүнкү бийлик үчүн позор деп атап, бул улуттук коопсуздукка коркунуч алып келерин кошумчалады.
“Эгер Улуттук коопсуздук комитетинин башчысынын жумушчу телефонун тыңшап жатышса бул бизде Улуттук коопсуздук жок экенин далилдейт. Мен бир кезде Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеген киши катары айтарым, УКМКнын жетекчиси телефон аркалуу эмне деген гана мамлекеттик сырларды жетекчилерге кабарлап турат. Демек ошолордун баары чет өлкөлүк чалгындарга Таабалдиевдин телефону аркылуу белгилүү болуп турган. Эгер УКМКнын жетекчисин тыңшап жатса анда президентти, премьер-министрди, министрлерди тыңшабайт деп ким кепилдик бере алат? Маданияттуу өлкөлөрдө мындай уят иштерден кийин көптөгөн жетекчилер отставкага кетет”, – деди Адахан Мадумаров.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ