Мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиевдин уулу Алтынбек Муралиев 12 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда Алтынбек Муралиев 17-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен КЖКнын 292-беренеси (Мамлекеттик чыккынчылык) боюнча айыпталып, мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркиндигинен ажыратылып, жаза өтөө мөөнөтү күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсү белгиленди.
Эске сала кетсек Алтынбек Муралиев мурда Кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Ага УКМК кызматтык жашыруун сырды чет өлкөгө берген деген берене менен кылмыш иш козгоп, камакка алган эле.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ