Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жетекчилик кылган Кыргыз делегациясы Армениянын Ереван шаарында 2016-жылдын 19-20-майында өтүүчү Евразиялык өкмөт аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Евразиялык өкмөт аралык кеңештин жыйынында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгынын актуалдуу маселелери каралат. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун Евразиялык өкмөт аралык кеңештин жыйынына катышуу алкагында эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ