18-май күнү саат 21:30 чамасында Алай районунун Гүлчө айыл аймагындагы Жылы-Суу айылынын тургуну Арапбай Акыевдин үйүнө таш кулап, үйдү тешип кирип кеткен, натыйжада үйү авариялык абалга келген. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Жабыркагандар жок. 2004-жылы ӨКМнин өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери тарабынан корутунду чыгып, көчүрүүчүлөрдүн катарына кирген.
Үйү жабыркаган жаран учурда убактылуу жашап туруу үчүн, кошунасынын бош турган үйүнө көчүрүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ