Республиканын расмий аталышы өзгөрбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Конституциялык кеңешменин “Мамлекеттик бийлик” бөлүмүнүн башчысы Болот Токтобаев маалымат жыйынында билдирди.
“Мен белгилей кетсем, Кыргыз Республикасынын атын өзгөртүү болбойт”, – деди Токтобаев.
Ошондой эле, жаңы Конституцияда “Кыргызстан эли” дегендин ордуна “Кыргыз Республикасынын эли” деген термин киргизилери белгилүү болду.
Буга чейин Конституциялык кеңешмеде өлкөнүн атын Кыргыз Эл Республикасы деп атоо сунушу айтылган.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ