Коррупция бонча кылмыш иши козголуп, бүгүн-эртең камалат деп турган Канат Исаев «Кыргызстан» партиясынан президенттик шайлоого аттанып, мойнуна ыргытылчу сыйыртмактан кутулуп кетүүнүн аракетин көрүп жатат. Азырынча БШК куйругунда калбыры бар Исаевди расмий каттай элек. Исаев болсо өзүн оппозициялык маанайдагы жападан-жалгыз талапкер катары сыпаттап, элдин оозун ачырды. Бирок Канат мырза кандай аракет көрбөсүн, жазадан кутулуп кетиши кыйын. Ошол себептен, түндүктөн президенттик жарышка аттангандардын башын кошуу аракетин көрүп жүрөт. Максаты ишке ашса, Темир Сариевди колдоо чакырыгы менен чыгышы ыктымал.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ