Жалал-Абад шаарынын жаштары шаардын тазалыгын кармоо боюнча демилге көтөрүшүп, тазалык акциясын өткөрүштү. Бул иш-чараны шаар мэриясынын Жаштар комитети уюштурган.
Жаштар комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Мээримгүл Кыргызбаеванын айтымында, бул акцияга шаарда жайгашкан жогорку жана орто окуу жайларынын 160тан ашуун студенттери катышышты.
Жаштар акциясынын катышуучулары өз ара сегиз топко бөлүнүшүп, шаардын борбордук көчөлөрүндө, кичи райондордо көчө бойлорундагы таштандыларды, электр мамыларына чапталган көрнөк-жарнак кагаздарын чогултушуп, атайын таштанды таштоочу жайларга жеткиришти. Жаштар акциясын шаардагы муниципалдык унаа кызматтары колдоого алышып, таштандыларды чыгарып кетүүгө көмөк көрсөтүштү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ