Бүгүн, 23-майда төрага Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчилигине жаңы дайындалган Абдыманап Кутушевди парламенттин Аппараты менен Иш башкармалыгынын жамаатына тааныштырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, Кутушев V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Акыркы кезде КСДП фракциясынын катчылыгын жетектеп турган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ