Menu

Жогорку Кеӊештин депутаты айыл өкмөтүнүн башчысын тиекелей шайлоону сунуштады

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарын шайлоо тутумун өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоору карады. Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Кенжебек Бокоевдин айтымында, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын жана жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо тутумун ыраатташтыруу менен бирге, аларды бир мыйзамга бириктирүү сунуш кылынууда. Ошондой эле, айыл өкмөт башчыларын тикелей шайлоону киргизүү, ал эми шаарлардын мэрлерин кыйыр шайлоо формасынын колдонуудагы тутумун күчүндө калтыруу сунушталууда. Тикелей шайлоо айыл өкмөтүнүн башыларына карата жергиликтүү калктын ишеним арттырууга өбөлгө түзөт.

Айыл өкмөтүнүн башчыларын тикелей шайлоо бир кыйла демократиялуу болуп гана саналбастан, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарын коррупцияланган, кылмыштуу жетекчилерден тазалоодо бир кыйла натыйжалуу да болот. Эреже катары, калк бири-бирин жакшы билет жана өзүн өзү жаманатты кылган аткаминерлерди көрсөткөн депутаттарга караганда мындай аткаминерлерден бир кыйла чечкиндүүлүк менен тазалана алат. “Андан сырткары, жергиликтүү кеӊештердин иштөө мөөнөтүн азыркы 4 жылдан 5 жылга чейин узартуу зарылдыгы бар”, – дейт Бокоев.

Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Жеӊиш Акматов бул маселелер БШК мүчөлөрүнүн арасында да кызуу талууланып жатканын билдирди. “Мыйзам долбоорунун концепциясы жакшы. Эгер каржы маселеси чечилип калса, айыл өкүмүттөрүнүн башчыларын быйыл күздө тикелей шайлай баштаса да болот”, – дейт ал.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик агенттигинин башчысы Бакыт Рыспаев айыл өкмөтүнүн башчылыгына жогорку билимге ээ болуу, мамлекеттик кызматта 3 жылдан кем эмес иштөө, соттолбогон талаптары коюла турган айтты. “Эгер мыйзам кабыл алынып калса, аыл өкмөтүнүн башчысына карата талаптар дагы күчөтүлүп, ага мамлекеттик тилди билүү, 30 миӊ сом өлчөмүндө күрөө коюу талабы кошулат”, – деди Рыпаев.

Депутат Мурадыл Мадеминов айыл өкмөт башчыларын тикелей шайлоо жергиликтүү тургундардын уруу-урууга бөлүнүшүнө алып келиши мүмкүн экенин баса белгиледи. Буга мисал арбын. Ошондуктан, тикелей шайлоо маселесине Өкмөт өзү так жообун бериши керек. Анткени, алар айыл өкмөт башчысы менен тикелей иш алпарат”, – дейт ал. Ал эми депутат Айтмамат Назаров айыл өкмөт башчысынын айыл аймагында жашашы керектигин, башка жерде отуруп алып башкарууну токтотуу зарылдыгын баса белгиледи.

Жыйынтыгында тармактык комитеттин мүчөлөрү мыйзам долбооруна өкмөттүн жообун алгандан кийин кайра кайрылуу чечимине келди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: