Menu

БӨТтүн ооматы алыстан көрүнө баштады

Бөлүшүү:

Саясый элитадагы коркоктордой эле Өмүрбек Бабанов дагы унчукпай отурат. Парламенттеги оппозициялык фракцияны жетектегени менен миссиясын аткара албай, мукурап калганы жашыруун эмес. Бүгүнкү күндө бугу болушунча толду. Эми эмнеси болсо да, президенттик шайлоого чейин тилин тишине катып отурса, анан талапкер катары БШКдан катталып алса, ошондо калайманды салып, эч кимди укпаган түр менен катуу кетээри ажеп эмес. Бабановдо каражатжаты болушунча же­тиштүү, команданы чогулта билет, элди эрите сүйлөйт, анан калса, НТС, «Санжыра» радиосу, сайты бар. Маалыматтык согуш талаасында элди каалагандай бурганга идеологиялык потенциалы жетиштүү. Кыскасы, ким менен кармашса да катыгын берет. Мындай күчтүү персонага саясый элитанын ооп кетиши бат эле, себеби, колунда барлар кошоматчы келет эмеспи. Ошентип, БӨТтүн ооматы алыстан көрүнө баштады. А ким билет? Бийлик Токтогуловичтин ушундай мүмкүнчүлүгү бар экенин деле билет, буга ишенбейт, андыктан, шайлоого чейин эски иштерин көтөрүп, «илип» койбойбу?..

Булак: “Азия news”    

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: