Билесиңер да. Кыргыз-орус өнүгүү фондунун төрагасына Кубанычбек Кулматов дайындалган эле. Аталган фонд 2015-жылы түзүлгөн, уставдык капиталы 500 миллион доллар. Буга чейинки фонддун эсебиндеги акчанын суммасы 350 миллион долларга жеткени маалымдалып, калган 150 миллион доллары 2016-жылдын 29-майына чейин этап-этабы менен берилмек. Фонд ЕАЭБге кошулуу шартында кыргыз өлкөсүнүн экономикасын өнүктүрүү максатын көздөп, быйыл 100 миллион доллардан ашуун суммада 15 долбоорду каржылай турганы боюнча кабарыбыз бар эле. Тилекке каршы, мындай чоң долбоорду реалдуу турмушубузда Кулматов ишке ашыра албай, ишинин жемиши болбой атканы эмнени билдирет? Кана, маалымат бербейби? А баса, Бишкек шаарын акыр- чикирге толтурган сымал, бу жактагы ишин дагы ойрондоп, аягы Россияга куйрук түйгөнгө камынып калдыбы? Иштесе, ишинин үзүрүн эл көрөт эле да. Же бул фонд деле афера менен алектенип, аягы кумга сиңген суудай эле жок болобу? Айтор, суроолор көп. Кубанычбек Кеңешович жооп берсин! Качанкыга чейин кыргыз элинин астында тайрандай берет?..
Булак: “Азия news”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ