Бүгүн, 25-майда, Ош шаардык кеңешинин депутаттары калаа башчысын шайлашты. Депутаттардын жашыруун добуш берүүсүнүн жыйынтыгында 41 добуш менен Айтмамат Кадырбаев шаар мэрлигине кайрадан шайланды. Ал эми экинчи талапкер Алишер Мойдуновго 4 депутат гана добушун берген.
Эске салсак, Айтмамат Кадырбаев 2013-жылдан бери Ош шаарын мэри кызматын аркалап келет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ