Menu

Атамбаевдин айдоочусу таксист болуп иштейт

Бөлүшүү:

Журт атасы болуп, мамлекеттин башында турган адамдардын турмушу, басып өткөн жолу коомчулукту дайыма кызыктырып келет эмеспи. Андыктан биз бүгүнкү саныбызда президент Алмазбек Атамбаевдин бир кездеги айдоочусу, жанында жүргөн эң жакын жана ишеничтүү кишиси болгон Ишенкул Жакыпов менен маектешип, бир катар кызыктуу жоопторду алдык.

– Ишенкул мырза, Алмазбек Атамбаевдин айдоочусу болуп кандайча иштеп калдыңыз?

– Мен өзүм Ысык-Ата районунун Санташ айылынан, ал эми келинчегим Аламүдүн районунун Кой-Таш айылынан болот. Алмазбек Атамбаевдин да биринчи жубайы Бүажар Кой-Таш айылынан. Анын сиңдиси менен мени келинчегим чогуу окуп, жакын курбулардан болгондуктан, мен алардын үй-бүлөсүн жакшы таанычумун. Он беш өлкөнү бир туунун астында солкулдатпай кармап турган Советтер Союзунун пайдубалынан жаракалар кетип, акырындан урай баштаган 90-жылдары жумушсуз калдым. Ага чейин Ленин заводунун башкы инженеринин айдоочусу болуп иштеп жүргөм. Атамбаевди тааныгандыктан жумуш сурап барып калдым. Ал кезде Атамбаев «Форум» илимий-өндүрүштүк фирманын директору болуп жаңы эле дайындалган. Мен барганда фирманын кызматтык автоунаасы дагы жок болгондуктан жол кырсыгына кабылып талкаланган «Москвич» маркасындагы автоунааны Токмоктун шаардык ооруканасынан алып келдик. Мен аны бажамдын гаражына алып барып эки айдай оңдодум. Ал кездерде унаага керектүү тетиктери да жок, Ташкентке барып алып келип, оңдоп бергем. Ошентип Алмазбек Шаршеновичтин кол алдында алты жылдай иштеп калдым.

– Сиз ажобуз менен бир топ жыл иштеген экенсиз, сизге, деги эле жумушчуларына жасаган мамилеси кандай эле?

– Негизи Алмазбек Шаршенович өтө кичи пейил, боорукер адам, андыктан мени өзүнүн бир тууганындай көрүп, ашкере жакшы мамиле жасап, жардам берип, ал тургай үйдө анча-мынча пайда болуп калган кем-карчымды айтсам дароо эле жардам берчү. Көпчүлөк чоң кызматта иштеген чиновниктер конокко барганда шопурларын эстебейт. Ал машинеде ачка күтүп отура берет. Ал эми Алмазбек Шаршенович кайсы жерге барбасын сөзсүз мени дагы чакырып «кел отур, тамактан» деп жанына отургузуп алчу. Кай жерде болбосун конок тособу, конок чакырабы же Кыргызстандын ичинде командировкага чыгабы ар дайым мени жанына алып жүрчү. Ал кезде ал жаңы эле «Форумду» жазуучулар союзу аркылуу өзүнө чыгарып алып, жаңы иштетип жаткандыктан мен айдоочусу гана эмес, жардамчысы дагы элем. Андыктан бардык иштерине кол кабыш кылып жүрдүм. Анүстүнө «Форум» фирмасынын мурунку жетекчиси аны банкрот кылып, эсебинде төрт гана рубль бар болгондуктан бардыгын нөлдөн баштаган. Өзү китеп которуп, аларды чыгарып Алматыга алып барып сатчу, ал жактан бул жакка буюмдарды алып келип, бизнес кылып жүрүп «Форумду» бутуна тургузду. Албетте, алгач иш баштаганда анын да башынан бир топ кыйынчылыктар өттү, жоктон бар кылып кураштыруунун өзү оор. Ошол кыйынчылыктарды көтөрүп, чыңалып, иштин көзүн тапкан адам бир топ ийгиликке жетет экен. Ошентип 1995-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланды. Мен ал кезде да айдоочусу болуп иштеп жүрдүм.

Атамбаев

– Жумуш болгон соң ар кандай кыйынчылыктар болот эмеспи, сизде да ошондой учурлар кездешсе керек?

– Ооба, ансыз болбойт да. Оңой жумуш жок. Эсимде,1995-жылдары болчу. Алмазбек Шаршенович «Кыргызавтомашка» башкы директор болгон. Ошол учурда ишкананын карамагында «Волга» жана«Мерседес» үлгүсүндөгү эки автоунаа бар эле. Мен «Волганы» айдап жүргөндүктөн «Мерседести» заводдун гаражына коёюн деп кайра бирөө жарым өрттөп же уурдап кетпесин деп чочулап ал жакка койбой, үйгө алып барып койгом. Анткени ал жакта Атамбаевди көрө албагандар көп болчу. Ошол учурда мен эс алууга чыгып, ордума башка бала иштеп калды. Ал эми «Мерседес» үйдө болчу. Бир күнү таңкы саат үч-төрт чамаларында дарбазанын ачылган «тарс» деген үнү чыкты. Мен эшикке атып чыктым. Чыксам эле бирөө машинени от алдырды. Менин артыман келинчегим чуркап чыгып ал капотко жабышты, мен барып айдоочу отурган эшикке жабыштым. Келинчегиме «кач»деп кыйкырдым, ал качкыча болбой эле машинени алдыга айдаганда жерге сүрүлүп түштү. Машинаны айдап баратышат, мен болсо эшикке жабышып алгам, үйдөн жолго чейин жүз метрдей сүйрөп барды да оңго бурулганда мени силкип жиберди эле мен тоголонуп барып жатып калдым. Согончогуман тиземе чейин, денемдин бир капталынын териси сыйрылып, шылынып калган. Баса албай, жадагалса дааратканага бара албай ооруканада жаттым. Ал кезде балдар кичине, келинчегим аларды таштап чыга албайт. Бир ай ооруканалап жүрдүм. А.Атамбаев дары-дармегиме жардам берип жатты. Милициялар ал кылмыш иши боюнча иш козгоду. Алар менден улам такып сурап, ачык айтышпаса дагы, ишенбей жаткандай, улам ар кандай суроолорду бере башташты. Өмүрү бирөөнүн бир тоголок буудайын албай, адал эмгек менен оокат кылган жаным, алардын андай мамилеси өтө катуу тийип, өзүмдү жаман сезип жүрдүм. Өзүм жумуштан кеттим, бирок жүрөк түпкүрүндө бир нерсе өйүп эле туруп алды. Милициялар эптеп эле ишти жабыштын айласын издешет экен. Аларга ишенбей калган соң жоголгон «Мерседести» өзүм издеп жүрдүм. Кудай жалгап үч айдан кийин таап алдым.

– Кантип таап алдыңыз?

– Мен бир күнү Жаш гвардия жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде «Москвич» менен туруп калдым. Ошол кезде менин жаныма бир «Мерседес» токтоду. Карасам көзүмө жылуу учурайт, бирок номерлери башка. Баягы жоголгон машинага окшош экен деп жакшылап үңүлүп карай баштадым. Анткени, ал «Мерседестин» оң жак капталында белгиси бар болчу. Карасам ошол белги турат. Артымда төрт бала отурат эле: «Тезирээк тиги машиненин номерин жазып алгыла» дедим. Алар жазып алышты. Балдарды түшүрүп коюп, тиги унааны артынан айдадым. Бирок «Москвич» менен «Мерседести» кууп жетпейсиң да, кайда кеткенин таппай калдым. Түз эле Жол кайгуул кызматына барып:

«Баягы Атамбаевдин жоголгон автоунаасы бул номер менен жүрөт. Таап бергиле!» деп айтсам нөөмөттө турган Каныбек Итебаев деген кызматкер бар экен, ошол таап берди. Көрсө, ал автоунаа Жол кайгуул кызматында номер берип иштеген кызматкердин атасына катталган экен. Ошентип бардыгы сыртка калкып чыгып, баягы унааны кайра алдык, номер берген кызматкер камалды, бирок уурдаган адамдар кармалган жок. Унааны алган соң А.Атамбаевге алып барсам командировкада экен, жардамчыларына тапшырып кеткем. Ошондон кийин жүрөгүм ылдыйлап, өзүмдү эркин сезип калдым.

– «Кыргызавтомаш» заводун сатып алган учурда сиз бар белеңиз?

– Ооба, заводдорду алаарда чогуу барып көргөнбүз. Алгач Аламүдүн районундагы фабриканы алды, андан кийин «Кыргызавтомаш» заводун алып иштетти.

– Ошол учурда Алмазбек Атамбаевди «Кыргызавтомашты» банкротко учуратып, жабдыктарын Кытайга темирге өткөзүп жиберип, миңдеген жумушчуларды жумушсуз калтырган деп күнөөлөп келишет, сиз такай жанында жүргөн адам катары айтсаңыз, ушул айың кептердин канчасы чын?

– Эми ал кезде элдин баары эле мамлекеттен мүлктөрдү сатып алып, кайра сатып эле жатышпады. Бирок мен иштеп жүргөн учурда завод жакшы иштеп аккумулятор чыгып турчу. Андан кийин эмне болуп банкротко учураганын билбейм. Азыр өзүм таксист болуп иштегендиктен кээде кардар жеткирип заводдун ичине кирсең аңырайып бош турат, имараттар ижарага берилет деп жазылып тургандарын көрөсүң.

– Учурда президенттин айланасында ар кандай сөздөр айтылып, сынга кабылып келет. Сиз аны жакындан билген киши катары айтсаңыз, кыргыз эли ажобузга ишеним артса болобу?

– Мен өзүм карапайым адаммын. Карапайым адамга эң биринчи өлкөбүздө тынчтык, дасторконубузда нан болуп, иштеген ишибиз болсо жетет. Кудайга шүгүр кылып жашоого үйрөнүшүбүз керек. Кантсе дагы Алмазбек Шаршенович мурдагы эки президентибизге салыштырмалуу бир топ мыкты иштеп жатат. Андыктан ага эл толук ишеним артса болот.

– Канткен менен бир топ жыл кол астында иштеген экенсиз, президент болгон соң сизге кызмат сунуштаган жокпу?

– Мен өзүм жумуш сурап барган жокмун. Анын үстүндө өзүмдүн жогорку билимим жок. Болгон билимим да, тажрыйбам дагы бир гана машине. Азыр эми анын өзүнүн шопуру бар. Аны кетирип жиберип мени алганы туура эмес болуп калат го. Эч нерсе сурабай эле, жөн гана ден соолугун сурап кетип калдым.

– Президенттик шайлоодо кимге добуш бердиңиз?

– Албетте, Алмазбек Атамбаевге. Биринчиден, мен ал кишинин мүнөзүн, ишмердүүлүгүн, аракетин жакшы билем. Экинчиден, андан башка татыктуу талапкер жок эле. Ошондуктан өзүм эле Атамбаевдин президент болуп өтүп кетишин каалап, беш жүз добуш чогултуп бергем. Ошол учурда КСДП партиясындагы Асел Кодуранова Атамбаевдин жардамчысы эле, ошо менен чогуу иштеп калдым, азыр ал Жогорку Кеңештин депутаты.

– Үй-бүлөсү тууралуу учкай айта кетпейсизби?

– Биринчи аялы Бүажар, андан эки уул, эки эгиз кызы бар. Андан кийинки жубайы Раиса Атамбаевадан бир уул, бир кызы бар. Атасын мен көргөн жокмун. Бирок апасы абдан мыкты, боорукер, жароокер киши эле. Айылда өзү жалгыз турчу. Бирок Алмазбек Шаршенович жума сайын, дем алыш күндөрү үй-бүлөсү менен апасынын жанында болчу. Кээде апасын сагынганда жуманын ортосунда деле кетип калчу. Кечинде таштап коюп эртең менен алып кетчүмүн. Өзүнүн 12- кичи райондо эки бөлөмөлүү үйү бар эле, апасы ал жакка келип бир нече күн жүрүп кетчү. Бирок бир жерден тамыр алып, отурукташып калган адамдын шаарга жашашы кыйын эле. Кайра эле өз айылына кетип калчу. Кантсе дагы кары адамга айыл-апада жашаган жакчу окшойт.

– Ал эми мурдагы үй-бүлөсүнө жардам берчү беле?

– Албетте, жардам берчү. Балдарын окутуп, кийинтип, үйлөнтүп, бутуна тургузду. Эсимде, мурдагы кайнатасы каза болуп калганда, бардык чыгымын өзү көтөрүп, ошол жерде баш-көз болуп жүргөн.

– Эгер сизге кызмат сунуштаса барат белеңиз?

– Албетте, бармакмын. Анткени пенсияга чыга турган мезгилге жетип калдым. Бир топ жыл мамлекеттик ишканаларда шопур болуп иштегеним менен акыркы жылдары таксист болуп иштеп жүрөм, бир аз да болсо өкмөттүк жумушта иштеп пенсияга чыгып алайын деп бармакмын. Азыр деле Кудайга шүгүр, ал-күчүм бар, дагы да болсо иштөөгө кудуретим жетет.

Булак: “Жаңы Агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: