Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Садык Шер билим берүү министри Эльвира Сариеванын билимин сынап көрдү. Тагыраагы “Манас” эпосунан төрт сап айтып, ошонун чечмелеп берүүсүн министр айымдан сурады эле, ал таптакыр эле эч нерсе түшүнбөгөнүн айтып, башын жерге салды. Билим берүү тармагын мыкчып отурган Сариеванын бул жоругуна каңырыгы түтөгөн Шер кыргыз элинин, тилинин трагедиясына жаралган мындай жетекчилерден жакшылык күтүүгө болбой турганын айтты.
“Өзүбүздүн ата-бабаларыбыз мурас калтырган сөздөрдү кадырламак тургай жарытылуу түшүнбөй жатасыңар. Бул чоң трагедия. Уят нерсе. Биздин тилибизден, салт-санаабыздан башка дүйнөгө көрсөтө турган эч нерсебиз жок. Ушуларды сактап калуу биздин милдетибиз”, – деди Садык Шер.
Эске салсак, бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы тууралуу маселе каралып жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ