Өкмөттөгү ишеничтүү булактарыбыз билдиргендей жаңы дайындалган премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттөгү кадрлардын деңгээлине ичи чыкпай чоң кадрдык өзгөрүүгө барарын ойлонуп жатыптыр. Азырынча бул боюнча өкмөт башчысы чорнобай план тузүп, анда Саламаттык сактоо, Билим берүү, Маданият министрлерин, ошондой эле бир канча министрликтеги орун басарларды, башкармалыктын жетекчилерин, салык кызматынын белдүү аткаминерлерин ээлеген кызматынан шыпыруу максатын койгон. Кечээ жакында эле бир жетекчиге сөгүш жарыялады. “Жооштон жоон үн чыгат” дегендей Сокебиз крышасы бийик кызматкерлерге чейин тазалап, кадрдык ызы-чуу түшүрбөсө болгону.
Булак: “Жаңы Агым”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ