Алмазбек Атамбаев Баткен облусунун Кадамжай районунда селдин кесепетинен курман болгон беш адамдын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам берүү үчүн Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 500 000 сом бөлүү жөнүндө буйрукка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысынын буйругуна ылайык, курман болгондордун ар биринин үй-бүлөсүнө 100 000 сомдон берилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ