Menu

Видео – Атактуу окумуштууну кыйноого алган өзбекстандык аялга айып тагылды

Бөлүшүү:

Орусиянын Москва облусу боюнча тергөө комитети өзбекстандык бейтап кароочу А.Насибага карата кылмыш ишин козгоду. Ал бир жыл бою атактуу окумуштууну уруп-согуп кыйноого алган деп айыпталууда.

Соттун 30-майдагы чечими менен ал камакка алынып, ага карата Орусиянын кылмыш-жаза кодексинин 117-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

“Пенсионер-майып адамга кам көрүү үчүн ишке алынган аял аны такай уруп-согуп, кемсинтип, коркутуп-үркүтүп келгендиги аныкталды. Сурак учурунда ал жарым-жартылай күнөөсүн мойнуна алды. Тергөө уланууда”, – деп кабарлады тергөө комитетинин өкүлү Ольга Врадий.

А.Насибаны 76 жаштагы белгилүү орусиялык инженер-ойлоп табуучу Владимир Брувердин кызы жалдаган. Инженер Альцгеймер жана Паркинсон ооруларынан жабыркап жүргөн. Анын кызы видеокамерадагы тасмадан Насибанын атасын уруп-согуп, кыйнагандыгын көргөндөн кийин полицияга кайрылган. Кийинки мезгилде атасынын денесинде көгөргөн тактар пайда болуп, 45 килограммга арыктап кеткендигин байкаган.

Насибанын күнөөсү далилденсе, 7 жылга чейин кесилип кетиши мүмкүн.

https://youtu.be/1ZACr0kqCes

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: