Menu

Прагада кыргыздын боз үйү тигилет

Бөлүшүү:

Чехиянын борбору Прага шаарында кыргыздын боз үйү тигилет. Бул тууралуу журналист Карамат Токторбаева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

“Ар жыл сайын күз айларында Прагада Казакстандын маданий күндөлүгү өтүп турат. Казак мамлекети бир канча акча которуп, ошондой иш-чараны дүйнө-жүзү боюнча өткөрүүгө колдоо көрсөтөт. А бизди колдогон деле киши жок, жетим баладай, Шакемдин (Шайлообек Дүйшеевдин) “агындыларындай” сүрүлүп калсак деле колубуздан келишинче өз маданий баалуулуктарыбызды көрсөткөнгө аракет кылып келебиз. Меценантыбыз деле жок, колдоп койгону деле болбойт. А бирок кыргыз деми тоодой экен. Ошол дух менен Прагага боз үй алып келдик. Ар улуттардын фестивалына жеке күчүбүз менен катышуудабыз. Ак батаңарды бергиле достор! 11-июнда Чехиянын борбору Прагада тигилип, кыргыз желеги желбиреп, Прага чебинин фонунда апакай боз үй көрк берсин! Манас бабабыздын деми колдосун!”, – дейт мекендешибиз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: