Өлкө жетекчилиги (президент, премьер, спикер, Жогорку Сот, башкы прокурор) менен маанилүү стратегиялык объектилерди күзөткө алган УКМК алдындагы мамлекеттик күзөт кызматынын башчылыгына Дамир Мусакеев дайындалды. Эсиңерде болсо, буга дейре аталган кызматты Атамбаевди дээрлик 15 жылдан бери күзөтүп келген айтылуу Болот Сүйүнбаев жетектеп, көпчүлүктүн көңүлүнө алынып келген. Дамир Мусакеев деле бул кызматка сырттан келген кадр эмес. Мамлекеттик күзөт кызматында жаштайынан тарта иштеп келген, соңку убакта Атамбаевдин жанынан карыш жылбай күзөтүп келген кең далылуу, узун бойлуу, жолборс жүрөк чоролорунун бири. Ысык-Көлдүн Тоң районунан болот. Жакындары Дамир мырзага «Дамо» каймана атын ыроолоп алышкан.
Булак: “Азия news”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ