Menu

Евробиримдик диний партия лидерлерине чыгарылган катаал өкүмдү сындады

Бөлүшүү:

Европа биримдигинин басма сөз катчысы Майя Косьянчич өз билдирүүсүндө Тажикстандын Жогорку сотунун Ислам кайра жаралуу партиясынын лидерлерине карата чыгарган чечимин сындады.

Документте жараян ачык-айкын өткөрүлбөй, соттолуучулардын укуктары бузулгандыгы белгиленген.

«Бул Тажикстандын эл аралык мыйзамдар алдындагы милдеттенмелерине каршы келет. Соттолгондордун күнөөсүнүн айкын далилдениши керек эле. Жогорку соттун чечими тажик коомчулугунун биримдигине да доо кетириши мүмкүн”, – деп айтылат Евробиримдиктин билдирүүсүндө.

Коопсуздук күчтөрү операция жүргүзгөн учурда да Тажикстан жарандарынын укуктары сакталып жана мыйзам үстөмдүгүнүн камсыздалышы керектиги кошумчаланган.

2-июнда Тажикстандын Жогорку Сотунун чечими менен Ислам кайра жаралуу партиясынын саясий кеңешинин 14 мүчөсү тең күнөөлүү деп табылган. Партия төрагасынын эки орун басары – Саидумар Хусайни менен Махмадали Хаит өмүр бою эркинен ажыратылышкан. Калгандары 2 жылдан 28 жылга чейин абакка отургузулган. Соттолгондордун ичиндеги жападан-жалгыз аял жана партиянын юристи Зарафо Хожаева 2 жылдык мөөнөткө жатак колонияга кесилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: