9-11-июнь күндөрү Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Швейцарияга жана Венгрияга расмий иш сапар менен барат. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Расмий иш сапардын алкагында Швейцариянын Федералдык Жыйынынын эки палатасынын спикерлери жана ошондой эле Венгриянын Улуттук жыйынынын спикери менен жолугушуулар пландашырылган.
Иш сапардын жүрүшүндө Ч.Турсунбеков Парламенттер аралык бирликтин Башкы катчысы, Кызыл крест эл аралык комитетинин төрагасы жана БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары менен жолугушмакчы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ