Menu

Бишкек Актөбөдөгү кол салуудан кийин коопсуздук чараларын күчөттү

Бөлүшүү:

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги Казакстандын түндүк-батышында жайгашкан Актөбө облусундагы куралдуу кол салуудан кийин коопсуздук чараларын күчөттү. Милициянын өздүк курамы толугу менен күчөтүлгөн тартипте иштеп баштаганын ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык мындай иш чара Актөбөдө террордук жана экстремисттик уюмдар жанданганына байлынышттуу жана КМШ өкмөт башчыларынын саммити маалында коопсуздукту камсыздоо үчүн көрүлүүдө.

5-июнь күнкү курал саткан биринчи дүкөнгө чабуул жасалып, бир сатуучу жана бир сакчы өлтүрүлгөн. Дүкөндөн ок атуучу 17 даана куралды алып кеткендер эки топко бөлүнүп, бири курал сатуучу экинчи дүкөнгө, башкасы жолдон жүргүнчү тарткан автобусту ээлеп алышып, айдоочуну жана жүргүнчүлөрдү түшүргөн соң Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн дарбазасын сүзүп киришкен. Ал жердеги атышууларда үч аскер кызматчысы өлүп, алтоо жаракат алган.

Актөбөдөгү куралдуу кол салууга катышы бар делген 9 адам кармалды, качып кетүүгө үлгүргөн башка 6-7 адамды издөөнү улантууда. Казакстан ИИМи кылмыш диний радикалдуу топтор тарабынан жасалгандыгын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: