Бишкекте 7-июнь күнү Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны өттү. Жыйынга эң биринчилерден болуп Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев келди. Тагыраагы, аны 6-июнда “Манас” аэропортунан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Ошол эле күнү Медведевди президент Алмазбек Атамбаев кабыл алып, жолугушуудан кийин экөө ээрчишип “Ала-Арча” улуттук жаратылыш паркына барып, чогуу сүрөткө түшүп, эс алышты. Орус өкмөт башчысы Кыргызстандын табиятынын сулуулугуна суктанганын жашырбай, тартып алган сүрөттөрүн өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ